KG
Подпиши
ОБРАЩЕНИЕ!
01 февраля 2018 г.
Улуттук банктын "мобилдик капчыктарга" болгон дооматтары эмнеге негизделген?

Кыргыз өлкөсүнүн 100 миңдеген жарандары азыркы аба ырайынын шарттарында колдонууга ыңгайлуу жана көндүм болуп калган тейлөөдөн – товарларга жана кызматтарга мобилдик капчыктан төлөө мүмкүнчүлүгүнөн жакында ажырап калышат.

Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мобилдик байланыш операторлорунун кызматынан пайдаланып жатышат. Уюлдук байланыш операторлору абоненттерине телефонду мобилдик капчык катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн беришти. Бир күндөгү мобилдик капчык аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр 2 миллион 100 миң сомго жетти. Байланыш операторлорунун ассоциациясы бул өндүрүмдөрдүн нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга жана “Таза Коом” долбоорунун алкагында санариптик экономикага өтүүгө жардам берерине ишенет. Эмне үчүн ушундай ыңгайлуу, прогрессивдүү кызмат биздин пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү болбой калышы керек? Анткени Улуттук банк ушундай чечим кабыл алды. Улуттук банктын дооматтары эч бир сынды көтөрө албайт.

1-доомат: Аманатчыларды ким коргойт?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мобилдик капчыктардагы акчалар эч нерсе менен корголгон эмес деп божомолдойт. Бирок бул андай эмес.

"Биздин процессингдик борбор өлкөнүн ичинде жайгашкан. Биз Улуттук банкка күн сайын операциялар тууралуу отчёт берүүгө даярбыз. Абоненттердин бардык акчасынын банктардагы эсептерде болушу менен алардын коопсуздугуна кепилдик берилет. Мисалы, кандайдыр бир себеп менен төлөм дарекке жетпей калган учурда банк анын чыгымын төлөйт. Биздин оюбузча, мындай тобокелдиктер тууралуу айтылган ойлор ашкере", – дейт “Скай Мобайл” ЖЧКсынын укуктук маселелер боюнча директору Галина Кучерявая.

Башкача айтканда, азыркы учурдагы коопсуздук, банктардагыдай эле коопсуздук болуп саналат. Андан жогору да болушунда шек жок. Анткени банктар негизинен чет мамлекеттерде тейленет, бул дагы – тобокелчиликтин кошумча фактору эмеспи.

Бул маселе боюнча IT-тармагынын эксперти, "CRM Technologies" компаниясынын башкы директору Улан Жумашев түшүндүрмө берди.

"Уюлдук операторунун биллинги – бул бир маалыматтык тутум, ал эми Улуттук банк лицензиясы бар юридикалык тараптын процессинги – бул таптакыр башка нерсе.Телефондун балансынын мааниси менен мобилдик капчыктын балансын синхрондоштуруу менен уюлдук телефондун балансынан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишмердүүлүк менен алектенүүгө эч нерсе тоскоол болбошу керек. Мындагы бүт аракеттер каржы секторунун бардык талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Сим-картанын балансы терминал, банктык карта, банктын же уюлдук оператордун кассасы сыяктуу төлөм каражатынын гана кызматын аткарат. Башкача айтканда, акчалар ансыз деле банкта турат, кайсы жерде тобокелдикти көрүп жатасыздар?" - дейт Жумашев.

Ошол эле учурда байланыш операторлорунун Ассоциациясы эсептеги каражаттарды коргоо боюнча пайдалуу сунуштарды айтып чыгышты. Бирок алар каралган да жок. Мисалы, БОА төлөм тутумдарынын операторлорунун бардык капчыктарындагы калдыктарды 100 пайыз депонирлөө боюнча колдонулуп келе жаткан эки кепилдикке кошумча катары тейлөөлөргө киргизилген пайдалануучулардын акча каражаттарынын кайтарымдуулугунун үч тараптуу кепилдигин пайда кылуучу компромисстик вариантын сунуштады. "Биз адамдар үчүн өз смартфондорун төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдоно ала тургандай ыңгайлуулуктарды түзүп жатабыз. Биринчиден, бул ыңгайлуу жана тез, экинчиден төлөмдөр таза жүргүзүлөт, алардан биздин мамлекеттин бюджетине салыктар алынат", – деп белгилейт "НУР Телеком" ЖЧКсынын стратегиялык өнүгүү боюнча директорунун орун басары Сергей Егоров. Мындайча айтканда, "Таза Коом2 иштей баштады, бирок Улуттук банк буга каршы.

2-доомат: Чет мамлекеттерден келген чүмбөттөлгөн төлөмдөр, террористтик коркунуч

Телефондун балансын чет мамлекеттен да толтурса болгондуктан бул кызмат террористтик уюмдардын каржыланышын жеңилдетет деген маселе КРнын Улуттук банкын түйшөлтөт. Бирок чүмбөттөлгөн акча которуулары банктык карталарды колдонуу менен, ийгиликтүү түрдө ишке ашырылып жатпайбы. Мисалы, бир мамлекетте карта жана мобилдик банкинг ачылат. Андагы акчалар башка мамлекетке (мисалы, биздин мамлекетке), бирок картага которулат. “Б” мамлекетиндеги (мисалы, биздин мамлекеттеги) начар киши башка кишиге баланча коду менен акча алуучуга канча акча берүү керек экендигин көрүп турат. Бул айрыкча, ар кандай жакшы эмес долбоорлорду каржылоо тармагында иштеген механизм болуп саналат.

"Банктык тармак дайыма тобокелдиктерге дуушар болуп келет. Бул тобокелдиктер жабылган жок жана жабылбайт дагы. Эгер мобилдик телефондун балансынан толукталуучу мобилдик капчыктар тууралуу айта турган болсок, бул жерде абал коопсузураак. Ар бир сим-карта азыр корголгон жана кимден жана кимге баланс толтурулганын көзөмөлдөө – абдан оңой", - деп баяндайт IT-тармагынын эксперти, "CRM Technologies" компаниясынын башкы директору Улан Жумашев.

Жумашев дагы бир учурга көңүлүбүздү бурат. Мобилдик эсепте 15 000 сом кармасак болот. Анда террористтер өз максаттарына жетүү үчүн ар биринде 15 000 сомдон акча жүктөлгөн смартфондордун ангарына ээ болуш керек. Анан дагы аларды акчага айлантуу үчүн эбегейсиз сабырдуу болуш керек, ошондой эле сени жаман нерселерден шекшип калбаш үчүн көрүнбөс кишиге да айланып кетишиң керек го.

"Ооба, Кыргыз мамлекетинин аймагындагы ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банк аркылуу чет мамлекеттен балансты толтуруу мүмкүн, башкача айтканда, бул чынжырчада баары бир банктардын инфраструктурасы колдонулат", - деп түшүндүрмө берет эскперт. Башкача айтканда, бул доомат да негизсиз…

3-доомат: "Уюлдук операторлордо" атаандаштык артыкчылык бар

Уюлдук операторлордун өзүнүн даяр кардарлары бар болгондугу үчүн ыңгайлуу кызматтын жолун тороо – чындыгында эле туура эмес жана мыйзамга дал келбеген нерсе. Баары утушка ээ болорун эске алганда ого бетер маанилүү десек болот. "Төлөм операторлору да утушка ээ болушат, бирок алар буга анча деле басым жасашпайт. Эгер Улуттук банк электрондук капчыктардын мобилдик телефондун текшерилген балансын колдонуу менен толуктоого уруксат берсе, ар бир капчык колдонуучу азыркы 2 негизги капчыктан тышкары, өзүнө жаккан капчыкты колдонмок", - дейт Жумашев.

Ошентип Улуттук банктын дооматтарын негизсиз десек болот. Балким, Улуттук банктын тобокелчиликтери тууралуу сөздөргө карманууларынын башка себептери бардыр. Эң негизгиси, жыйынтыгында пайдалануучу эле жабыркап калбаса болду – эгер депутаттар Улуттук банктын жетегинде болуп калышса, ушундай эле натыйжа күтүлүүдө.

Электрондук капчыкты мобилдик телефондун балансынан толуктоого тыюу салыш керекпи же жокпу, буга жооп берүү үчүн ар бир Кыргыз жаранынын убактысы жана мүмкүнчүлүгү бар.

Эгер сиз өз акчаларыңызды өз алдынча жумшоого макул болсоңуз, анда 2040 номерине 4 санын, каршы болсоңуз 2 санын жөнөтүңүз. Билдирүү акысыз. Добуш бериңиз!

Источник: https://www.super.kg/kabar/news/218119/